Бир ырдын баяны: "Эстелик"

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 12 ก.ย. 2024
  • Атакул Жакыповдун сөзүнө жазылган Хабибилла Азиреткуловдун "Эстелик" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #атакулжакыпов
    #хабибиллаазиреткулов
    #эстелик
    #кыргызырлары
    "Эстелик"
    Аттанган туулган жер үчүн,
    Аттанган кутман эл үчүн.
    Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
    Уулуңар, жоокер эл үчүн
    Эстелик жанына келип,
    Энелер ыйлабагыла.
    Уулуңар тирүү биз менен,
    Сезимди кыйнабагыла.
    Жан берип кандуу кармаштан,
    Кайткан жок, кайра батыштан.
    Эстелик болду эми алар,
    Түбөлүк отту жагышкан.
    Тосушуп таңды атарда,
    Узатып күндү батарда.
    Түбөлүк тирүү турушат,
    Уулуңар биздин катарда.

ความคิดเห็น • 1

  • @baktygul1972
    @baktygul1972 หลายเดือนก่อน

    Ассаламу алайкум
    Атамды ,Апамды, Эжемди, Байкемди...
    Сагындым...