"КАРАГУЛ БОТОМ" Кыргыз эл дастаны.Мээрим Карыпованын аткаруусунда.

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 9 ก.พ. 2025
  • "КАРАГУЛ БОТОМ"Кыргыз эл дастаны.
    «КАРАГУЛ БОТОМ»
    «Карагул ботом» дастанынын эл ичинде аткарылып жүргөн алты варианты бар. Бирок, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна Калык Акиевдин, Сарыкунандын варианттары сакталып калган. Негизинен бул дастан эл арасында Ашыраалы Айталиевдин айтуусунда кеңири тараган. Ошондуктан негизги вариант катары Ашыраалы Айталиевдики эсептелет. Ошондой эле Кыргыз радиосунун Алтын фондуна Алтымыш Мундузбаевдин аткаруусунда жаздырылып алынган. Үн тасмага Мээрим Карыпованын аткаруусундагы Ашыраалы Айталиевдин варианты жаздырылды.
    Кошок, жоктоо ыкмасында баяндалган бул дастандын өзөктүү идеясы «Кожожаш» дастанынан анчейин айырмаланбайт. Тактап айтканда, идеялык жактан окшош. Карыпбай аттуу мергендин Эрегулу айтышкан доодон өлөт, Жорогулу атышкан жоодон өлөт. Каңгырап жалгыз калган мергенчи алтымышка таяганда Карагул аттуу уулдуу болот. Карыганда көргөн жалгызын кесепет-кырсыктан сактайм деп, тоо арасына бекинишет. Кийик атып жан сакташат. Бир күнү Карагул ууга кеткен атасын ээрчип баратып, чарчаганда балтыркандын түбүнө уктап калат. Аңчылыктан жолу болбой келаткан атасы элик тон кийген уулун чаарчык экен деп байкабай атып алат.
    #Каналга#катталыныз

ความคิดเห็น • 44

  • @АааАаа-ш8и4ф
    @АааАаа-ш8и4ф 3 ปีที่แล้ว +14

    50минут ырдап мааниси ыраты мн кеткен мынчалык керемет дастан👍👍👍👍
    Азыркылардын эки минуттук ыры уйкашпайт же мааниси жок

  • @АдилгерейПангереев-ю1ч
    @АдилгерейПангереев-ю1ч ปีที่แล้ว +1

    Керемет терме тамаша орындайды екен қырғыздардың әуені керемет әндері , комузда ойнағандары ғажап ойнайды

  • @KENZHEBEK976
    @KENZHEBEK976 2 ปีที่แล้ว +5

    Ото сонун аткарган

  • @user-ld4gs2fp7va
    @user-ld4gs2fp7va 3 ปีที่แล้ว +9

    Мээрим азаматсын соз жок аябай ыйлаттын силер улабасанар унутулуп калатда кандай наам берсе жарашат омурун узун болсун

  • @wermnewermne9601
    @wermnewermne9601 2 ปีที่แล้ว +9

    Офффф журогум ай ! Давлением дагы которулуп чыкты . Ата энени баладан айырбасын кудайым .

  • @АйгулАйткулова-х9н
    @АйгулАйткулова-х9н 2 ปีที่แล้ว +5

    Мээрим Карыпбековага өтө таазим кылам.Үй бүлөсү менен тынч болсун.Мындай дастанды Роза Аманова ,Элмирбек Иманалиев гана айталат днп ойлойм.Кыргызымдын дастанчыларын көзү барда сыйласак эң жакшы болмок.Мен эгер маданият министири болгондо ушул кызга эң жогорку сыйлыкты бермекмин.Эки сөздү туура сүйлөй албай секетбайларды ырдагандар деле сыйланып жатышат.Бул дастанды угуп балдарымдын өмүрүн тилеп калдым.эч бир ата эне сыздап боздоп ботом деп ыйлабасын.Баткенде курман болгон балдардын ата энесине сабр берсин кудайым.Балдарды кудайым бейишинен орун берсин.🤲🤲🤲🤲🤲

  • @темирлан-з2з
    @темирлан-з2з ปีที่แล้ว +1

    Бар болуңуз

  • @А.А-г7ы
    @А.А-г7ы 3 ปีที่แล้ว +6

    Кудайым Өзуң сакта!😢

  • @geradari-ld8nv
    @geradari-ld8nv ปีที่แล้ว +3

    Оо Кудай....🥺

  • @КорочеКорочиев-ы8ъ
    @КорочеКорочиев-ы8ъ 3 ปีที่แล้ว +3

    Керемет соз жок,

  • @МаталипКапаров
    @МаталипКапаров 4 หลายเดือนก่อน

    Ылайым ойлогон ойлоруна жетиниз кудайым уй булонуз менен омурунорду узун кылсын

  • @guka-syrdybaevaprototype135
    @guka-syrdybaevaprototype135 2 ปีที่แล้ว +1

    😭😭😭эч качан дастан укпаптырмын, акыркы учурларда эски ырларды комуздун коштоосу менен уккум келет. Таза Кыргыз экениме ишенем.

  • @АсанСаитов-и5ю
    @АсанСаитов-и5ю 2 ปีที่แล้ว +1

    Эн сонун керемет укулукту ырдаптыр меерим онорун оркундоп талантын ташкындай берсин карындашым эл артиси бол байбол бар бол бактылу бол ден солук ийгилик калайбыз

  • @Azizakandalbaeva
    @Azizakandalbaeva 9 หลายเดือนก่อน

    Мээрим кыз азаматсың... кыргыздын дастандарын айтып, элибиздин учугун улаган сендей уул - кыздарыбыз көөп болсун ылайым...бар бол, өмүрүң узуун болсун...🙏🤲...

  • @НомадАзият
    @НомадАзият 3 ปีที่แล้ว +7

    Мээрим суйкумдуу СУППЕР ырчы , дастанчы !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

  • @БактыбуСагындыкова
    @БактыбуСагындыкова 5 ปีที่แล้ว +14

    Уккан сайын уккун келет, унун абдан жагымдуу Меерим!Жакшы иштеп чыгыпсын,азамат!Дастандарды жогорку денгеелде аткарасын,Рахмат!

    • @RADA5
      @RADA5 4 ปีที่แล้ว

      Бактыбу, катаныз ото эле ЧОН " меерим", тэскер Э тамгасы менен жазылат, «МЭЭРИМ»
      ,😱😱😱😱 УЖАС, КЫРГЫЗЫ ПОЧТИ ВСЕ, НЕ УСПЕШНЫЕ в правописании на родном языке.

    • @hdjdjjsjsh8349
      @hdjdjjsjsh8349 4 ปีที่แล้ว +1

      @@RADA5 😡

    • @hdjdjjsjsh8349
      @hdjdjjsjsh8349 4 ปีที่แล้ว +2

      @@RADA5 Она просто перепутала

    • @АйсулуАлиева-з3н
      @АйсулуАлиева-з3н 3 ปีที่แล้ว

      @@RADA5 Кагылайын кыргызым качанкыга чейин чукушуп нукушуп отобуз.Багдагул ырга толкунданып жазган.тамгаларды унутуп калды го.😁😃

  • @Aike2304
    @Aike2304 5 หลายเดือนก่อน

    Кандай сонун.........😢😢

  • @nazgulashyrbekova1700
    @nazgulashyrbekova1700 5 ปีที่แล้ว +9

    Оркунун озун мен кооп угам уксам деле. Сонун кылып айткансын дастанды. Илгерики кызгыздардын создору курч болгон. Атин десен жалгызынан айрылган ата мн апага. 😪😪😢

  • @БакытБакиров-о2с
    @БакытБакиров-о2с 4 ปีที่แล้ว +34

    Ырас эле кыргыз болуп жаралган экенмин башка улут болуп жаралып калганыбызда ушундай дастандарды укпай калмак экенбиз

  • @ГульмираСырдыбаева-с3и
    @ГульмираСырдыбаева-с3и 4 ปีที่แล้ว +8

    Аябай жакты, соз жок мен сиз туураалы билгем келет

  • @МайрамбекАлымкулов
    @МайрамбекАлымкулов 5 ปีที่แล้ว +10

    еркекче дастан болуптур

  • @a.rom.3602
    @a.rom.3602 ปีที่แล้ว +1

    😢😢😢👍

  • @ГулчираТагаева
    @ГулчираТагаева 4 ปีที่แล้ว +5

    Корагул ботом санун болуптур

  • @ТынымканКиркиева
    @ТынымканКиркиева 2 ปีที่แล้ว +3

    Баланын жамандыгын ата-энеге коргоспосун Аллахым.

  • @ГулдорБайсканоаа
    @ГулдорБайсканоаа 2 ปีที่แล้ว +3

    Текстти болсо жөнөтүп койуңуздарчы пж

  • @АлымбекДатка11
    @АлымбекДатка11 3 ปีที่แล้ว +2

    😭😭😭

  • @А.К.3004
    @А.К.3004 3 ปีที่แล้ว +8

    Карагул ботомду козго жаш албай угуу мумкун эмес! 😭😪

  • @АманкелдиЫрысалиев
    @АманкелдиЫрысалиев 4 ปีที่แล้ว +9

    Мееримдин башкадагы дастаны бар болсо жуктоп койгулачы енсонун аткарат екен унутболуко очпосун

  • @ДаниярТемиров-м1ю
    @ДаниярТемиров-м1ю 5 ปีที่แล้ว +13

    Кайран кыргыз баштан эмнени кана откорбодук

  • @НурланБолотбеков-й7к
    @НурланБолотбеков-й7к 2 ปีที่แล้ว +1

    Жакшы ырдаптыр,бирок Ашыралы атабызга жеттпейт

  • @alymkannazakeeva4219
    @alymkannazakeeva4219 หลายเดือนก่อน

    Мен ыйладым элик чаарчыктын каргышы жетти окшойт

  • @ЖаркынайЖунусова-г7г
    @ЖаркынайЖунусова-г7г 4 ปีที่แล้ว +6

    Эч кимдин башына салбасын 😢

  • @ЖиргалбекНазакеев
    @ЖиргалбекНазакеев 2 ปีที่แล้ว +4

    Ото сонун аткарган

    • @АзаУсонов
      @АзаУсонов 2 ปีที่แล้ว +3

      Молацы меерим Аман бол ишине ийгилик