Бир ырдын баяны: "Гүлкайыр"

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 7 ก.พ. 2025
  • Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган Асанкалый Керимбаевдин "Гүлкайыр" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #шайлообекдүйшеев
    #асанкалыйкеримбаев
    #элмирбекиманалиев
    #гүлкайыр
    #элмирбек
    #асанкалый
    "Гүлкайыр"
    Ысык-Көл сага барам деп,
    Ырыска бүтсө жагар деп.
    Ойлогон эмес экенмин,
    Ошондо сени табам деп.
    Ойлогон эмес экенмин
    Гүлкайыр, сени табам деп.
    Көрсөм да сени миң жолу,
    Көл бойлоп бастым түн бою.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Гүлүңдү искеп бир жолу.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Өзүңдү жыттап бир жолу.
    Дартыма даба эте албай,
    Даалайлар жүрсө жете албай.
    Өмүрдүн баркын кеч билип,
    Өзүңдөн турам кете албай.
    Жашоонун баркын кеч билип,
    Жаныңдан турам кете албай.
    Күүгүмгө толгон кечимдин,
    Күкүгүн кайда кетирдиң?
    Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
    Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
    Гүлгө окшош эркем, кош эми,
    Күнөөлүү болсом кечиргин.

ความคิดเห็น • 10

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t ปีที่แล้ว +5

    Кайран залкарлар Асан байке, Элмикем! Жаткан жеринер жайлуу болсун!
    Кудайым бейиштик кылсын 🤲

  • @АлалЛалаша
    @АлалЛалаша ปีที่แล้ว +5

    Булар баса турса изинен ыр,обон жаралган укмуштай таланттуу инсандар экен да
    Мындай таланттын болушу ички дуйносунун тазалыгында го, менимче

  • @saikaltyledabilova7484
    @saikaltyledabilova7484 2 ปีที่แล้ว +7

    Эх Туке!! Жаштык отуп!
    Чачтар агарып!!
    Туболуко ырларын калат!
    Жаштарга!!
    Узак омур тилейм Доске!!
    Ырларын баары эсимде!!

  • @ШарипаЖунусова-м4ц
    @ШарипаЖунусова-м4ц ปีที่แล้ว +2

    Унундон Айланайын Ай Комузу тим эле шаншыйт го чиркин омурун мынча кыска 😢

  • @АргенТоктомаметов-э4п
    @АргенТоктомаметов-э4п 2 ปีที่แล้ว +5

    😥Элмир ай

  • @АлмазАбдылдайев
    @АлмазАбдылдайев 2 ปีที่แล้ว +7

    Кыргыздын залкар чыгаандары силердин журоктон чыккан чыгарманар элдин журогундо муундан муунга отуп жашай берет.

  • @НаргизаТемирбаева-л5т
    @НаргизаТемирбаева-л5т 10 หลายเดือนก่อน +2

    Гулкайыр ыр кимдики экенин билбейт экенмин эми билдим

  • @ВперёдПоехали-ь4ь
    @ВперёдПоехали-ь4ь ปีที่แล้ว +4

    Будь в раю Элмирбек🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @ulukkurmanbekovich7153
    @ulukkurmanbekovich7153 2 ปีที่แล้ว +3

    Гулкайырдын караокесин чыгарып бергилечи

  • @DinaraOtunchieva
    @DinaraOtunchieva 6 หลายเดือนก่อน +1

    Залкарлар кайталангыс