Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңдан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам конгон журтту сагынам.
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Мекеним аз кундо барамын Ин ша Аллах
Атам жургон журтту сагынам 😢😢
Уну жетпей кыйналгандарга салам😀
Салам 😂
Салам. Кандай?
Ото керемет
Жакшы ыр😊☺
Да 😍😍красивый песня
Ен сонун ыр экен
Атлично💪😎
Рахмат красава братан
Красота дейт
Класс,👍👍👍
Я тоже
Сонун ыр 😘😘😍
2024 жылы коруп жаткандар барбы
Азамат!!❤❤❤
😊😢 кыргызтаным 😊❤
Туулган жер и менин
Зор
😭😭😭😭😭😭
Мен опера менен ырдайм
😢😢😢
Звуку жетпей ырдай албагандарга салам 😁
Жаман
Озун жаман
😭😭😭😭😭😭