"Сага" аталышындагы ыр саптарым "Оо, любимая" ырына жалганып аткарылуусу назарыңыздарда.

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 13 เม.ย. 2022
  • САГА
    Күлмүңдөп караганың,
    Күйүттү басат, жаным.
    Күлкүңө күн жашынып,
    Дүйнөмдү жарытасың.
    Тымызын эркелигиң,
    Козгоду сезимдерим.
    Айтууга чоочуп турам,
    Сүйөрүм сездирбедим.
    Эч кимге бергим келбей,
    Же сага эрким жетпей,
    Башымды ийип турам,
    Алдыңда күнөөлүүдөй.
    Айтсамбы, айтпасамбы?
    Билбедим жагарымды..
    Көзүмдөн сездиң бекен,
    Өрттөнгөн абалымды?
    Кызганыч тооруп улам,
    Башкага кыйбай турам.
    Сүйүүңсүз жашай берем,
    Өзүңсүз жашай албайм.
    Ачыктап жагарыңды
    Жоготуп албаймынбы?..
    Айтпастан сендик сүйүү
    Жабамын барагымды!
    07.08.2021 16:05
    Автор: Гүлзат Кудайбердиева
    ©ГүлзатКудайбердиева

ความคิดเห็น •