Жүткүнүп жетпес жүзүмбү - секет Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн - секет... Жүрөктү эзген үнүңдөн - секет... Капталда бышкан карагат - секет, Карагат сенин көзүңдөн - секет... Каймана айткан сөзүңдөн - секет... Өрөпкүп жаштык өтөбү аттиң.., Өзүңдү көрбөй өмүрдөн - секет? Жаштыгың - бул бир жаздагы көчөт, Соолгону - соолуйт, өскөнү - өсөт. Жаш сүйүү деген чагылган учкун, Өрт болсо өрттөйт - өчкөнү - өчөт. Жомоктой өмүр - жолдогу бекет, Келгендер - келет, кеткендер - кетет. Кабылбайт кимге калтардай сулуу Калгандар - калат, жеткендер - жетет. Булактай үнүң эшилип - секет, Буралган боюң элестеп - секет, Буулуккан жүрөк эзилип - секет, Буркурап ийем сени эстеп - секет. Жолоочу болдум - жоголгон жолдо Жоготкон жазым... келет деп - секет... Жашынгым келет жалгандан кээде Жашоомду сага белек деп - секет! Жалын да жалын жаш күнүм - секет, Жайлообуз жашыл чак бүгүн - секет. Күтүүгө - түтүү күйүттүү билсең Күүгөн чак келет бак гүлүн секет. Өмүрдө эң зор байлыгым менин Өзүңө болгон ак сүйүүм секет. Көрүшпөй жашап себебин, себеп Көп анча билбей келемин - секет. Чексизден өткөн кененим ¬ - секет. Деңизден өткөн тереңим - секет. Жүткүнүп жетпей тереңге - секет, Жүдөдүм мынча мен эмне - секет?! Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип Жүрөбү сенин денеңде - секет?! Жүзүң бир сүйкүм ынаксың - секет. Жүрөккө жаккан чыраксың - секет. Чаалыксам жыпар саябан сенсиң Чаңкасам мөлтүр булаксың секет. Көрүнбөй жүрүп көзүмө - секет. Көңүлгө бекем кубатсың - секет. Чаңкасаң суунун таттуусу кандай… Чайкасаң уунун ачуусу кандай. Көл деген куунун арманы кандай. Көрбөгөн иштин жалганы кандай Чөптөргө жаздын жамгыры кандай Чөккөнгө жандын жалгызы кандай… Түндөсү - түштө, күндүзү - ойдо, Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо. Жаным эле, жаным, Жаным дейм сени Жалбарткан бойдон жашырып койбо. Күлүк бир атта күмүштөн така Күлгүн жаш чакта - күйүт бир башка. Айсекет.., секет, секетим дейин Ак булбул болуп сен турган бакта. Ачылган каалга жабылат - билсең, Адамды адам сагынат - билсең, Көөхарың бир тең көк ташың бир тең Көз барда дүйнө көрк берет билсең. Кагышкан таштын учкуну түшсө Калдайган токой өрттөнөт - билсең... Аманат дүйнө деп айтат баары Аңдабай бирок неге айтат аны. Бакытты издеп келатат баары Баалабай туруп неге айтат аны. Ааламды каптап баратат АНЫН Агарган эмес карайган жагы. Ырдаган ырдайт жүрөгү канап Ырдан да эч ким алалбайт канаат. Бирөөлөр бизге табылбай калды Бирөөлөр бизди табалбай калат. Бир гана менин сырдашым бүгүн Бир тамчы жашым тып эткен барак
Аябай суктануу менен угам ар бир ырын жана айтышын, баракелде, көз тийбесин, аман болуңуз
Аман бол алтыным! Элмикемдин арбагы ыраазы болсун! Ден соолукта бол алтыным! Талантын ташкындай берсин! Башым ийип таазим кылам алтындарым!
Акматбек Азамат ,кыргызда Оз орду бар,Оз уну бар дээринде таланты бар акындардан болуп осуп келе жатат.онорун оссун талантын ташкындай берсин.
Бали Акмат аман бол! Устатын Элмикемдей АК тандай акын бол!
Кандай мукамдуу сулуу ун сенин унундой ун чанда гана кездешет коз тийбесин бактулуу бол
Просто супер, просто бомба 🔥🔥🔥.Куйдуросунда ,куйдуросун анан барып суйдуросун💞💞💞
Акматбек азаматсын бактылуу болуп бала чакалуу ,чооон уй булоонун ээси болгун🤲
Акматбек Алга устатындын арбагы колдосун ,жаш болсон да даанышмансын мындай касиет чанда га́на кездешет
Красавчик Акматбек Эмикенин нак шакирти
Азамат акматбек онорун осо берсин устатын элмирбекти унутпай Эстеп жур
Кандай Гана соонун ырдаган Акматбек
Баракелде Акмат
Талатына таазим ийгилик👏👏👏
Акмат унуно береке ар дайым ийгилик коштосун
Талантына таазим
Акматбек угуп эч тойбоймун омурун узун орушун жайык болсун бактылуу бол садагам
Молодец Акмат
Акмат азаматсын омуруно береке берсин.АЛЛАХЫМ ООМИЙИН.
Аман бол.
Унунө сүйүүңө суктанам. Аман бол
Аман бол Акмат
Акмат азаматсын омуруно береке берсин Аллахым. Ошко качан келесинер айтып койсонор.
Акматбек Азаматсын.
Бали Акматым!
👍👍👍
Акматбек ызаакор Элмирбектин орун басары
Жүткүнүп жетпес жүзүмбү - секет
Жүзүмдөй сенин жүзүңдөн - секет...
Жүрөктү эзген үнүңдөн - секет...
Капталда бышкан карагат - секет,
Карагат сенин көзүңдөн - секет...
Каймана айткан сөзүңдөн - секет...
Өрөпкүп жаштык өтөбү аттиң..,
Өзүңдү көрбөй өмүрдөн - секет?
Жаштыгың - бул бир жаздагы көчөт,
Соолгону - соолуйт, өскөнү - өсөт.
Жаш сүйүү деген чагылган учкун,
Өрт болсо өрттөйт - өчкөнү - өчөт.
Жомоктой өмүр - жолдогу бекет,
Келгендер - келет, кеткендер - кетет.
Кабылбайт кимге калтардай сулуу
Калгандар - калат, жеткендер - жетет.
Булактай үнүң эшилип - секет,
Буралган боюң элестеп - секет,
Буулуккан жүрөк эзилип - секет,
Буркурап ийем сени эстеп - секет.
Жолоочу болдум - жоголгон жолдо
Жоготкон жазым... келет деп - секет...
Жашынгым келет жалгандан кээде
Жашоомду сага белек деп - секет!
Жалын да жалын жаш күнүм - секет,
Жайлообуз жашыл чак бүгүн - секет.
Күтүүгө - түтүү күйүттүү билсең
Күүгөн чак келет бак гүлүн секет.
Өмүрдө эң зор байлыгым менин
Өзүңө болгон ак сүйүүм секет.
Көрүшпөй жашап себебин, себеп
Көп анча билбей келемин - секет.
Чексизден өткөн кененим ¬ - секет.
Деңизден өткөн тереңим - секет.
Жүткүнүп жетпей тереңге - секет,
Жүдөдүм мынча мен эмне - секет?!
Жүрөгүм менин өзүмдөн кетип
Жүрөбү сенин денеңде - секет?!
Жүзүң бир сүйкүм ынаксың - секет.
Жүрөккө жаккан чыраксың - секет.
Чаалыксам жыпар саябан сенсиң
Чаңкасам мөлтүр булаксың секет.
Көрүнбөй жүрүп көзүмө - секет.
Көңүлгө бекем кубатсың - секет.
Чаңкасаң суунун таттуусу кандай…
Чайкасаң уунун ачуусу кандай.
Көл деген куунун арманы кандай.
Көрбөгөн иштин жалганы кандай
Чөптөргө жаздын жамгыры кандай
Чөккөнгө жандын жалгызы кандай…
Түндөсү - түштө, күндүзү - ойдо,
Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо.
Жаным эле, жаным, Жаным дейм сени
Жалбарткан бойдон жашырып койбо.
Күлүк бир атта күмүштөн така
Күлгүн жаш чакта - күйүт бир башка.
Айсекет.., секет, секетим дейин
Ак булбул болуп сен турган бакта.
Ачылган каалга жабылат - билсең,
Адамды адам сагынат - билсең,
Көөхарың бир тең көк ташың бир тең
Көз барда дүйнө көрк берет билсең.
Кагышкан таштын учкуну түшсө
Калдайган токой өрттөнөт - билсең...
Аманат дүйнө деп айтат баары
Аңдабай бирок неге айтат аны.
Бакытты издеп келатат баары
Баалабай туруп неге айтат аны.
Ааламды каптап баратат АНЫН
Агарган эмес карайган жагы.
Ырдаган ырдайт жүрөгү канап
Ырдан да эч ким алалбайт канаат.
Бирөөлөр бизге табылбай калды
Бирөөлөр бизди табалбай калат.
Бир гана менин сырдашым бүгүн
Бир тамчы жашым тып эткен барак
Тойго чакырат элек номерин бергилечи
Азаматсын Акматбек сени уй булон м-н конокко чакырсам келесиңби?
И́ий секрет♥️♥️🥰🥰🥰💥
👍👍👍
Ыр эмес бекен эээ ушул ага жакшы ырдайт экен
😍❤👍🎁
Кайсыл жылкы Акматбек байке
Ушул баланын номери керек билгендер жазып койгулачы
Уну кооз ага
Ассаламу алейкум Аматбек менен кандай байланышсак экен
Акматбек иним сен ырдаганда Элмирбек агамды элестетем керемет ушул ырды сендей эчким ырдайалбайт!!!