- 324
- 203 143
Чыныбай Турсунбеков фонду
United States
เข้าร่วมเมื่อ 17 พ.ค. 2022
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд 2020-жылы негизделген. Акын, котормочу, ишкер, филология илимдеринин кандидаты, "Акун" компаниясынын түптөөчүсү, мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ысымын алып жүрөт.
🔸Фонд үч багытта иштейт:
-кыргыз адабияты;
-кыргыз поэзиясы;
-билим берүү тутуму.
🔹Фонддун максаты:
кыргыз тили жана адабияты жаатында илимий изилдөөлөр менен алектенген жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүү. КРнын маданий мурасына салым кошкон, кыргыз адабиятындагы чыгармалардын жаш таланттуу авторлорун колдоо.
🔸Бул максаттар үчүн фонд сыйлыктарды, стипендияларды жана сыйлоонун башка түрлөрүн белгилейт; жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, маданий жактан өнүктүрүүгө багытталган ар кандай фестивалдарды, балдар жана жаштар лагерлерин, конкурстарды уюштурат.
🔹Фонд алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн жаштар арасында кыргыз поэзиясы жана адабияты боюнча түрдүү сынактарды уюштуруп келет.

Айтчы досум! эл эстечү иш калбаса, Жашагандын бул жалганда бекердигин!
АЙТЧЫ, ДОСУМ
Айтчы досум, эли-жердин эсендигин,
Айтчы досум, жашоо кандай экендигин.
Айтчы досум, биз канчалык тырышпайлы.
Өлүмдүн бир кун алып кетердигин.
Айтчы досум, ким көтөрөт Мекен жүгүн?
Айтчы досум,качкандардын бечелдигин.
Айтчы досум, эл эстечү иш калбаса,
Жашагандын бул жалганда бекердигин!
Айтчы досум, ак сүйүүнүн улуулугун,
Айтчы досум, алган жардын сулуулугун.
Айтчы досум, кээде көңүл муздатса да,
Качан болсун төшөгүнүн жылуулугун!
Айтчы досум, достук кантип бек болоорун,
Айтчы досум, аны саткан кеп болоорун.
Айтчы досум, алп ойлордун атасын да,
Көр пенделер биригишип жеп коёорун.
Айтчы досум, бала качан кубантаарын,
Айтчы досум, бизди кимдер улантаарын.
Айтчы досум, эртенкисин ойлогондор,
Жаңылашып жатышканын улам шаарын.
Айтчы досум, көк асманды, аба-сууну,
Айтчы досум, токтотуп бул талашууну,
Айтчы досум, токтотуп бул бөлүнүүнү,
Элибизге берсинчи деп жаратууну!
✍Чыныбай Турсунбеков
автордун өзүнүн окуусунда үн коштолду.

มุมมอง: 522
วีดีโอ
Поэзия фестивалынын жабылышы Ысык-Көл 2024
มุมมอง 278วันที่ผ่านมา
Поэзия фестивалынын жабылышы Ысык-Көл 2024
Сайра Батыркулованын поэзия кечеси. Ысык-Көл поэзия фестивалы 2024
มุมมอง 132วันที่ผ่านมา
Акында арасында жарыяланган поэзия сынагынын жеңүүчүсү Баш байге ээси, Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Сайра Батыркулова.
Сармерден Ысык-Көлдө//акындардын кыз-жигит сармердени . #ысыккөл
มุมมอง 14K14 วันที่ผ่านมา
Ысык-Көл жээигинде өткөн Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын алкагында алгачкы жолу акындар арасында кыз-жигит сармердени уюштурулган. Бүйүр кызыткан керемет кеченин толук чыгарылышын тартуулайбыз! Акындардын чыгармачылыгына колдоо көрсөткөн жана акындардын кыз-жигит сармерденинин демөөрчүсү ГК «Акун», Отель Акун Иссык-Куль жана @Улуттук жазуучулар союзуна ыраазычылык билдиребиз!
Дүйшөн Керимов поэзия фестивалында. Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс, Артыбызда өлбөй турган эл калсын.
มุมมอง 223หลายเดือนก่อน
ӨМҮРГӨ Шамал айдап көлдүн киргилт көбүгүн, Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм, Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн Улам сулуу, улам ысык көрүндүң. Мива бактай жемишимен күбүлбөй Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй, Ай балалык, асыл нерсе экен го Учкан куунун канатынын күчүндөй. Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей, Кери тарткан кербестикке жеңилбей, Ай балалык, жыргал нерсе экен го Карлыгачтын канаты...
Актёр Эржан Осмоновдон окуусунда поэзия.
มุมมอง 88หลายเดือนก่อน
ОЙГОНЧУ, СУЛУУ (Феттен улам) Мен келдим сага айтканы Агарып таңдын атканын. Жагымдуу нурлар жаздагы Шыкаалап бактан жатканын. Чымчыктар тынбай чырлыйттап. Эшикке эчак жан кирген. Ушундай таңда ким жатмак, Уйкуңдан ойгон, жан биргем. Эртелеп чыгып талаага, Таза аба жутуп келели. Тар бөлмө менен санаага Ууланта бербей денени. Жыпарын жыттап гүлдөрдүн, Ырларын усак торгойдун, Анан мен кантип сүйбө...
1-орундун жеңүүчүсү Канат Таалайбек уулунун поэзия кечеси. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы
มุมมอง 921หลายเดือนก่อน
Канат Таалайбек уулу Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында поэзия сынагы боюнча 1-орундун жеңүүчүсү. Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жаш акындарды чыгармачылыгын колдоо максатында жыл сайын поэзия сынагын уюштуруп жаңы ысымдарды таанытууда. Быйыл Ысык-Көл жээгинде 22-25-август күндөрү өткөн Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалына 200 ашык акын, жазуучулар, өнөр инсандары, мугалим жана окуучу...
Чыныбай 6,5 км суу канал курдуруп берген. Баткен эли ыраазыбыз!
มุมมอง 2002 หลายเดือนก่อน
Баткен облусунун жашоочусу Жалолиддин Шакиров Ысык-Көлдө өткөн поэзия фестивалында Чынгыбай Турсунбековдун коомдук иштерин айтып, ыраазычылык билдирди.
Чыныбай Турсунбеков - акын "АКУН" ишканасын кантип өнүктүрүп, кантип негиздеген?
มุมมอง 942 หลายเดือนก่อน
Чыныбай Турсунбеков - акын "АКУН" ишканасын кантип өнүктүрүп, кантип негиздеген?
Чыныбайдай агабыз, чыныгы бай болуптур... төкмө акын Садырбек Турдубек уулу #поэзияфестивалы
มุมมอง 3002 หลายเดือนก่อน
Чыныбайдай агабыз, чыныгы бай болуптур... төкмө акын Садырбек Турдубек уулу #поэзияфестивалы
Кыргыз жери Аккыз Абазбекованын аткаруусунда #поэзияфестивалы2024
มุมมอง 5262 หลายเดือนก่อน
Кыргыз жери Аккыз Абазбекованын аткаруусунда #поэзияфестивалы2024
"Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагында 1-орундун жеңүүчүсү 12 жаштагы Нурислам Кадырбеков болду.
มุมมอง 1843 หลายเดือนก่อน
"Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагында 1-орундун жеңүүчүсү 12 жаштагы Нурислам Кадырбеков болду.
Бир кыз көрдүм Бишкектин базарынан. Төкмө акын төгүлүп ырдады. #поэзия_фестивалы; #Ысык_Көл
มุมมอง 12K3 หลายเดือนก่อน
Бир кыз көрдүм Бишкектин базарынан. Төкмө акын төгүлүп ырдады. #поэзия_фестивалы; #Ысык_Көл
Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын жабылыш аземи. Ысык-Көл 2024
มุมมอง 2253 หลายเดือนก่อน
Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын жабылыш аземи. Ысык-Көл 2024
Алтынбек Исмаилов: Поэзия фестивалы үзгүлтүксүз уланып, эл аралык деңгээлге чыксын...
มุมมอง 3263 หลายเดือนก่อน
Алтынбек Исмаилов: Поэзия фестивалы үзгүлтүксүз уланып, эл аралык деңгээлге чыксын...
Дүйшөн Керимов: Чыныбай элине, журтуна, Ала-Тоосуна из калтырып кетти.
มุมมอง 2523 หลายเดือนก่อน
Дүйшөн Керимов: Чыныбай элине, журтуна, Ала-Тоосуна из калтырып кетти.
Чыныбай Турсунбеков бизнесте, чыгармачылыкта, мамлекеттик, коомдук иштерде дагы өз мейкиндигин тапты
มุมมอง 1974 หลายเดือนก่อน
Чыныбай Турсунбеков бизнесте, чыгармачылыкта, мамлекеттик, коомдук иштерде дагы өз мейкиндигин тапты
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин эскерүүсү
มุมมอง 3305 หลายเดือนก่อน
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин эскерүүсү
КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун эскерүүсү...
มุมมอง 3305 หลายเดือนก่อน
КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун эскерүүсү...
Нарын шаарында сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
มุมมอง 3046 หลายเดือนก่อน
Нарын шаарында сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
"Апама" Чыныбай Турсунбеков. "Умсунай Апа" бала бакчасынын ачылышында окуган чыгармасы.
มุมมอง 3767 หลายเดือนก่อน
"Апама" Чыныбай Турсунбеков. "Умсунай Апа" бала бакчасынын ачылышында окуган чыгармасы.
Эсте калган эссе жазып, элдин маанайын көтөргөн Арлен Нурланов. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы
มุมมอง 947 หลายเดือนก่อน
Эсте калган эссе жазып, элдин маанайын көтөргөн Арлен Нурланов. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы
Туңгуч лауреат Бердибек Жамгырчиев. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы. (архив)
มุมมอง 2827 หลายเดือนก่อน
Туңгуч лауреат Бердибек Жамгырчиев. Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы. (архив)
Поэзия фестивалындагы жүрөк толкуткан ирмемдер. Сынакка катышып жеңүүчү болуңуз.
มุมมอง 1157 หลายเดือนก่อน
Поэзия фестивалындагы жүрөк толкуткан ирмемдер. Сынакка катышып жеңүүчү болуңуз.
КАЛЕМГЕР АКЫНДАР ҮЧҮН СЫНАК. Кабыл алуу 15-майга чейин.
มุมมอง 1057 หลายเดือนก่อน
КАЛЕМГЕР АКЫНДАР ҮЧҮН СЫНАК. Кабыл алуу 15-майга чейин.
Тюлейканова Рахима. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.
มุมมอง 657 หลายเดือนก่อน
Тюлейканова Рахима. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.
Алтынбекова Айтолкун. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.
มุมมอง 1.1K7 หลายเดือนก่อน
Алтынбекова Айтолкун. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.
Асанакунов Аман. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.
มุมมอง 3767 หลายเดือนก่อน
Асанакунов Аман. "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу сынагынын катышуучусу.